Время рождения:
Вес: 2.925
Рост:
- Беш айында, мамага калтырып, жумушка чыктым
- Тогуз айында биринчи тиши чыга баштады
- Бир жашында, тушоо тоюнан кийин эле баса баштады.
- Эки жашынан кийин подгузник кийбей калды
- Эки жаштан уч жашка чейинки жооруктары
- Атасын «кандан соонун» - деп ооп койгону
- Жатаарда баарыбызды толуктап - «ата жатыйы, апа жатайы, он би бодукен, эдин баайы жатты кен» - деп, жаткызганы
- Атасы кошо жатпай калса «атам каака геттийе, а.., атамды чакыып гээйин» - дегени
- Жатканда «апа нам-нам бечи а…, нам-нам бечи...» - деп, ансыз уктабаганы
- Тан атпай ойгонгондо, жанында жатканымды коруп, кубанганынан - «Апа сени андан(абдан) жакшы коом» - деп, мойнуман кучактап, ооп койгону
- Бир нерсе сатып келип ага берип жатсан «энеге да бээп коеюн, атага да» - деп беришкени
- Сагыздын даамын билип алып, биз жумуштан уйго кирээри менен «апа сагыз бечи а, апа сенде сагыз бай го, ата сен сагыз ап кедин го..» - деп 100 жоолу кайталап, акыры оюндагысына жеткени
- Амиртай экообуз бир жака чыгып баратсак, энесин жалгыз калтыргысы келбей «эне, сен да бай а… кашынды боё» - дегени
- Эшиктен уйго киргенде дароо «Эне-е-е» - деп чакырып, энеси уйдо жок болуп калса «эне кака геттийе» - деп сураганы…
- Жатаарга келгенде, жаткысы келбей, энесин да жаткызбай «сен жаппа (жатпа), тейозой (телевизор)кой» - деп колунан суйроп келип, залдагы диванга отургузуп, пультту карматып койгону
- Жатканда «апа, жомок атып бечи а, мащина жонундо жомок атып бечи а» дегени
- «анан эмне боду кен» - деп жомоктун уландысын сураганы.
- Уктаарга келгенде «айдан биз жаадык, гундон биз жаадык, дечи а…» - деп, ырдап бер дегени, «минтип кой а…» - деп таптаганды коргозгону. Таптабайм десен, мин жоолу кайталап жатып, акыры кылдыртганы
- Кээде уктагысы келбей «апа уа (суу) ичем», «апа сасика жейм» - деп ар кайсынын башын айтканы
- Атасы жумуштан келгенде «ата, топ ойною а…» - колдорун кармашып алышып, бир комнатадан бир комнатага, буттары жерге тийбей, топ тээп ойношкону
- Уйдо жон баспай, жорголоп басып, жаны тынбай, биз жумуштан келгенде онору чыгып, алдындагы кошуналардын тынчын алганы
- «Апа сен жумукка геппе, макуу, сен жумукка гетсен мен аям да» - деп менден убада алганы
- Ак майка кийгизип койсом денесине жарашып, атасына окшошуп болбурап, чудо-творожок болуп жургону
- «Экан баке» - деп Элхан байкесин абдан жакшы коргону.
- Атасынын машинасына тушконду абдан жакшы коруп - «Апа биз каака баась», «Апа эми кака батась» - деп сурап алганы.
- «Уйго бабайы а..» - деп машина да эле жоро бергиси келгени
- Нам-нам жок уктабай жатканынан, «менин ичимде кичинекей ляля бар да, а сен чонойдун, сен бут суттун баарын ээмип салсан, лялага калбай калат да» - десем, болбой, эмип-эмип алып, буткондок кийин – «йайага катыып кодум» - дегени
- Жатканда «сенин ичинде йайа бай го» - деп сураганы
- Эн жакшы коргон мультиги – «Тачки», башкы каармандарын да жакшы корот , аларды «Макин, Метий, Чикочик» - дейт
- «Игейи би гонкага жаачаткен, анан,гмгм чиенке чагып, гуйгузуп кааткен» - ким куйгузот экен? – «Макин . Анан тентек мачинаады чиенке менен чык кып, тентек мачинаяды гуйгузуп кааткен»
- «Ай чыкты каачы, биз жаадык, айтогон» - деп, "Апан-апан" - деп Гулнур Сатылганованын Асман деген ырын ырдаганы
- Экинчи жакшы коргон мультиги «Маша и Медведь» -«Мака»’ны туурап «ооо-о-о-о» деп башын титиретип «макий болуп калдым» - деп отура калып, кайра «ооо-о-о-о» - деп тура калып «чон бооп кадым» - дегени
- Мама телевизор коруп отурса - "эне тамак жаса, а то апа ата гелсе кусам ачты дейт да" - дегени
Комментариев нет:
Отправить комментарий